super.kg logo

Кара-Кечедеги жаңы салына турчу айланма жол 3 километрден ашык болот

 

Кара-Кече көмүр кениндеги жаңы курула турчу айланма жолдун узундугу 3 километр 2 метр болот. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кара-Кечеде жаңы жолду салуу иши күндүз гана жүргөндүктөн ишти күчөтүү үчүн күнү-түнү да иштөөсү тууралуу сүйлөшүүлөр болду. Мурда бир аптада салынып бүтөт деген божомол болуп, бирок азыр деле тоодон таштар токтобой түшүп жаткандыктан жаңы жол 10-15 күндө толугу менен салынып бүтүүсү күтүлүүдө.

Жаңы салынып жаткан жол тоонун боору менен 3 километр 200 метрди түзөт. Адистердин айтымында, жол кенен болот, ичке жагы 6 метр, кенен жагы 8 метрди түзөт. Дагы чоң таштар түшүүсү мүмкүн деген коркунучтар бар. Бүгүнкү күндө үч техника иштеп жатат. Төрт тонна солярка келди. Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан дагы эки экскаватор келери күтүлүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

14-сентябрь күнү Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенинде 2 миллион метр куб жер көчкөн. Жер көчкүдөн жабыркагандар болгон эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: