super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Жакыпов: "Митингге чыгып, кооз сүйлөгөндөрдү укпай, адистерди да угалы"

 

 

“Кумтөрдө” иштеп жаткан 2500 адамдын атынан айтарым, биз да патриотпуз, биз да Кыргызстанга пайда түшүүсүн каалайбыз, бирок биз да элбиз”,- деди бүгүн, 19-сентябрда “Кумтөр” ишканасынын жумушчуларынын өкүлү Алмазбек Жакыпов. Айтымында, “Кумтөрдө” иштегендердин арасында кыргыздар көп болушун бардык жумушчулар каалайт. "Кумтөрдө” иш токтобошу керек. Жумуш токтоп калса, талаштар канча убакка созуларын ким билет, ошондуктан адистердин сөзүн угуубуз абзел. Өзүбүз иштетебиз дегендер да бар. Бирок соттун чечими биз тарапта болмоюнча 1 грамм да алтынды саттырбайт. Ошондуктан “Кумтөрдө” иштеп жаткандарды да ойлоо зарыл. Митингге чыгып, кооз сөз сүйлөгөндөрдү гана укпастан, адистерди да угалы. Өкмөттөн суранарым, жумуш токтоп калса, бул ишти ким кылгандыгын толук билгибиз келет”,- деди ал.

  Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: