super.kg logo

Республикалык штаб: "Партиялар үгүт иштерин санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өткөрүүгө тийиш"

 
Партиялар үгүт иштерин санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өткөрүүгө тийиш. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылганын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, республикалык ыкчам штаб шайлоо процессинин бардык катышуучулары – саясий партиялар, шайлоочулар коопсуздук чараларын так сактоосу зарыл экендигин эскертет.

Жыйында биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков, абал турукташып калганы менен карантин режими алына электигин белгилеп өттү.

Ошондуктан шайлоого катышып жаткан саясий партиялар бардык санитардык жана эпидемиологиялык чараларды, анын ичинде социалдык аралыкты сактоо талаптарын так аткарышы керектигин эскертти.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана тармактык мамлекеттик органдарга 50дөн ашуун адамдын катышуусундагы иш-чараларды уюштурууга киргизилген чектөөлөрдү көзөмөлдөөнү күчөтүү тапшырмасы берилди.

Жыйындын жүрүшүндө COVID-19га байланыштуу чет мамлекеттерде түзүлгөн кырдаал талкууланды.

Республикалык ыкчам штаб тарабынан тийиштүү мамлекеттик органдарга чет мамлекеттерден келип жаткан жарандардын өлкөгө кирүүсү боюнча иштелип чыккан текшерүү алгоритмин так аткарууну камсыз кылуу иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: