super.kg logo

Баткенде той өткөргөн милиция кызматкери менен тойкана ээсине айып салынды

 

Баткенде той өткөргөн милиция кызматкери менен тойкана ээсине мыйзам чегинде чара көрүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Облуста тойканада той өткөргөн милиция кызматкери боюнча ички иликтөө иштери жүрүп, ага тартиптик жаза берилди. Ал эми той өткөргөн тойкана ээсине кылмыш иши козголуп, 30 миң сом айып пул салынды. Ал эми санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбагандыгы үчүн 22 адамга 66 миң сом айып пул салынган. Мындан сырткары Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тийиштүү органдар менен биргеликте 230 объектке текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада 52 протокол түзүлүп, 156 миң сом айып пул салынган.

Облустук штаб тарабынан коомдук тамактануучу жайлардын санитардык абалы жана кафе, ресторандарда, атайын эс алуучу жайларда, үйдө, той өткөргөндөрдү аныктоо боюнча көзөмөл күчөтүлдү. Күн сайын жергиликтүү бийлик, санэпидемстанция көзөмөлдөө борбору жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү атайын рейддерди уюштуруп, талаптарды аткарбагандарга белгилеген тартипте чара көрүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: