super.kg logo

Жумушсуз жарандар иш менен камсыз болуу үчүн кайда кайрылса болот? Министрликтин жообу

 
Жумушсуз же жумуш издөөчү катары катталуу үчүн кайда кайрылуу керек? Бул боюнча Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги маалымат берди.
Эгер сиз жумушсуз болсоңуз, анда, биринчиден, жашаган жери боюнча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык органдарына кайрылуу керек.

Кандай документтер талап кылынат?

1) паспорт;

2) эмгек китепчеси же анын дубликаты;

3) анын кесиптик квалификациясын ырастоочу документтер.

Биринчи жолу жумуш издеп жаткан (мурда иштебеген), кесиби (адистиги) жок жарандар болсо эмне кылуу керек?
  • Бул категориядагы жарандарды жумушсуз катары каттоо паспорту жана билими жөнүндө документи боюнча жүргүзүлөт. Жарандарга алар катталган күндөн тартып 10 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ылайыктуу жумуш таап берүүгө мүмкүн болбогондо, алар расмий жумушсуздар деп таанылат.
Жумуш орундар жөнүндө маалыматты кайдан алууга болот?
  • Маалыматты министрликтин аймактык бөлүмдөрүнөн, ошондой эле он-лайн режиминде http://zanyatost.kg/ сайтынан алууга болот.
Белгилей кетчү жагдай, министрлик тарабынан "Бош орундардын жарманкеси" дайыма уюштурулуп турат. Анын алкагында жумушсуз жарандарга кесиптик окутууга жолдомо берилет. Максаты: 1) ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу; 2) жумушсуздардын жана жумуш издеген жарандардын зарыл болгон кесиптик квалификация алуусу; 3) жумуш жоктугуна байланыштуу квалификациясын өзгөртүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: