super.kg logo
  Саясат  

Чет элдик инвесторлор “Кумтөр” маселеси кандай чечилерине кызыгып жаткандыгын премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди

 

 

Чет элдик инвесторлор “Кумтөр” маселеси кандай чечилерине кызыгып жаткандыгын жана бул маселеге көз салып жатышканын бүгүн, 19-сентябрда коомдук уктуруу учурунда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Айтымында, ШКУ учурундагы жолугушууларда чет мамлекеттерден келген делегациялардын көбү “Кумтөр” маселеси кандай чечилерине кызыгышкан. “Кумтөр” биздин келечегибиз экендигин унутпашыбыз керек. Эгерде “Кумтөрдүн” иши токтоп кала турган болсо, эл кыйналып калат”,- деди өкмөт башчы.

  

Белгилей кетсек, Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда “Кумтөр ” долбоору боюнча өкмөт, “Кыргызалтын” ишканасы жана “Центерра” компаниясы менен биргеликте түзүлгөн меморандум боюнча коомдук уктуруу болууда. 

   

Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: