Премьер-министр санариптештирүү иштери өкмөт тарабынан күчөтүлөрүн айтты
Бүгүн, 17-сентябрда премьер-министр Кубатбек Боронов Коопсуздук кеңешинин жыйынында эң эле коррупциялашкан мамлекеттик органдарга санариптештирүүнү киргизүү боюнча маалымат берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Кубатбек Боронов маалымдагандай, алдыңкы планга коррупциянын жогорку деңгээли белгиленген мамлекеттик органдарды, биринчи кезекте салык органдарын санариптештирүү боюнча иш-чаралар чыгарылууда.
Премьер-министр бажы органдарындагы коррупцияга, анын ичинде мамлекеттик чек арадан өтүүдө оор жүк ташуучу автоунааларды каттоону жашырууга каршы аракеттенүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын айтты. Контрабанда менен күрөшүү үчүн өткөрүү пункттарында автомобиль транспорт каражаттарын автоматташтырылган салмак-көлөмдүк көзөмөлдөөнүн "Бетамонт" аттуу динамикалык системасы орнотулуп жатат.
Премьер-министр санариптештирүү коррупция менен күрөшүү туруктуу натыйжаларга алып келерин, бул багыттагы иштер өкмөт тарабынан күчөтүлөрүн белгиледи.
