super.kg logo

"Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин 392 кызматкери жоопко тартылды" дейт Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматынын төрагасы

 

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Бакир Таиров бүгүн, 17-сентябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча финансы полициясы органдарынын ишинин жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

2018-жылдан тартып кызматтык жана коррупциялык көрүнүштөгү мыйзам бузуулар, башкача айтканда, кызматтык абал же кыянаттык менен пайдалануу, пара алуу, коррупциялык схемаларды түзүү боюнча 2 миң 981 факт аныкталганы белгиленди.

Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 1 миллиард 200 миллион сомду түзгөн. Учурда анын ичинен 585 миллион 400 миң сом мамлекетке кайтарылып алынган.

Жогоруда аталган фактылар боюнча 2 миң 981 кылмыш иши катталып, 291 иш сот тармагына жөнөтүлгөн.

8,5 миллион сомдук мүлккө арест салынган.

Тергөөнүн алкагында мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин 392 кызматкери жоопко тартылды.

Бакир Таиров ошондой эле коомчулукта резонанс жараткан бажы системиндеги чоң коррупциялык схеманын бети ачылганын белгиледи.

"Бажы кызматкерлери "Айхан" аттуу фирма менен алдын ала сүйлөшүп, Кытайдан кирип турган товарлардын бажы төлөмдөрүнөн баш тартып, мамлекет казынасына 61 миллион сом зыян келтиришкен. Анын ичинен 55 миллион сом мамлекетке кайтарылды. Бул иш боюнча 15 адам жоопко тартылды, анын ичинен Бажы кызматынын мурунку төрагасы тергөөдөн баш тартып жашынып жүргөн учурунда Азербайжан Республикасынан кызматтын күчү менен алынып келген. Учурда соттун кароосунда", - деп айтты ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: