Бишкекте сасык тумоого каршы эмдөөнү кимдер акысыз алат? (тизме)
Бишкек шаарынын белгилүү бир категориядагы жарандары сасык тумоого каршы вакцинаны акысыз алат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Мэриянын маалыматына ылайык, аталган вакцина Орусиядан мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна келип түшкөн. Бул вакцинаны төмөндөгү жарандар акысыз алса болору маалымдалат:
-
Жугуштуу оорулар бөлүмүндө, "Тез жардам" кызматында, төрөт үйлөрүндө жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда эмгектенген медициналык кызматкерлер. Ошондой эле балдар, карылар үйүндө жашаган жарандар жана кызматкерлер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, өнөкөт оорусу барлар (жүрөк, өпкө, бөйрөк, кант диабети илдети), көп ооруган жаш балдар, кош бойлуу айымдар жана жашы 65тен жогорку жарандар.
Тумоого каршы акысыз эмдөөнү алуу үчүн бейтапканаларга кайрылуу керек.
Ошондой эле эмдөө менчик клиникаларда акы төлөө менен жүргүзүлөт.
Мэрия шаарда эпидемиологиялык абал курч бойдон экенин, буга байланыштуу шаардыктарды санитардык нормаларды сактоосун унутпоого чакырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
gulya583

18.09.2020. 14:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ии тооба. Сасык тумоого каршы вакцина калктын бардык катмарына бекер жана жеткиликтуу болуш керек. Ушуну жонго сала албаган парламенттин кереги жок. Керек болсо короновируска каршы вакцина дагы бекер жана жеткиликтуу болуш керек. Канча миллиондор алынды ушул корона учун. Жеп жутарлар кан кусуп калгыла ылайым эле.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.