"Варламов, рахмат!". Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлери блогерге ыраазычылык билдиришти
Бүгүн, 18-сентябрда шаардык мэриянын кызматкерлери орусиялык блогер Илья Варламовго ыраазычылык билдиришти. Бул тууралуу социалдык тармактарда жарыяланды.
"Биздин өлкө, Бишкектин сонун адамдары тууралуу айткан жылуу сөздөрүнө рахмат", - деп жазышкан муниципалитеттин кызматкерлери.
Кызматкерлер анын Бишкек шаарынын тургундарына карата айтылган жылуу пикирлерине ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле Варламов өзүнүн блогунда шаардагы көйгөйлөрдү талкуулаганын белгилеп өткөн.
Буга чейин Кыргыз өлкөсүнө келген орусиялык журналист жана блогер Илья Варламов Бишкек шаары жөнүндө тарткан 1 сааттык видеорепортажын жарыялаган. Анда Варламов Бишкек шаарындагы аллеялардан тартып үйлөрдүн короосу, сейил бактарга чейин сындаган. Ал шаарды өнүкпөй калган деп сыпаттап, көп жагдайлардын көрүнүшүнө түшүнбөгөнүн айткан.





1 |