super.kg logo

"Замандаш" Кызыл-Кыянын эли менен жолукту

 
"Замандаш" партиясынын үгүт кербени Кызыл-Кыя шаарында болду. Жолугушууга Искендер Гаипкулов, Канат Бакалов катышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарынын тургундарынан "Замандаш" партиясынан Жогорку Кеңешке бара жаткан талапкерлерге жергиликтүү тургундар тарабынан суроолор берилди.

Кызыл-Кыянын тургуну талапкерлерден тез арада коомдук жайларды жарыктандырууга жардам берүүсүн суранды, бирок Искендер Гаипкулов бул нерсе мэриянын иши экендигин айтып, эгер мындай иштер жазалса, добушту сатып алуу болуп калат деп билдирди.
- "Бул маселени шайлоодон кийин чечүүгө болот, мындай көйгөйлөрдү чечүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча бөлүнүшү керек, биздин партия башка партияларга окшоп убадаларды бербейт. Шагыл төгүп, кыска убакыттын ичинде шайлоого чейин элди алдап, куру сөздөрдү айтпастан парламентке өтсөк элдин үнү болуп, алардын кызыкчылыгын сактайбыз", - деди Гаипкулов.
Ошол эле маалда жолугушууда "Замандаш" партиясынын буга чейин жасаган иштерине ыраазы болгон жарандардын саны арбын болуп, "Жүк 200" боюнча жардам алган эне ыраазычылыгын билдирди.

- "2017-жылы 17-ноябрда балам чет жерде каза тапкан, «Замандаш» партиясы баламдын сөөгүн алып келип беришкен. «Замандаш» партиясына терең ыраазычылыгымды билдирем, жаштардын жаркын келечеги үчүн «Замандашка» добушумду берем", - деди ыраазычылыгын билдирген эне.
Жолугушууда чет элде мигрант болгон жарандар да катышып, буга чейин «Замандаштан» жардам алгандарын жашырышкан жок.

Кызыл-Кыянын тургундары шайлоодон шайлоого эмес, шайлоодон кийин да өзүнүн жардамын берип, эл менен кызматташып келген партия бир гана «Замандаш» деп айтышты.


Жолугушуунун аягында Кызыл-Кыянын тургундары талапкерлерге, партияга ыраазы болуп кайтышты.
"Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г.Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., Логвиненко, көч.12 үй. Чыгарылган күнү 18-сентябрь, 2020-жыл.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: