"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулунун өлчөмү 810 сомду түзөт. Аны кимдер алат? Жооп

• 16 жашка чейинки балдары барлар;
• Үй-бүлөдө бир адамга бир айлык киреше кепилденген эң төмөнкү кирешеден, тагыраагы, 1000 сомдон төмөн болсо;
“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун дайындоо үчүн факт түрүндө жашаган жери боюнча эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылуу керек, муну менен катар катталган жери мааниге ээ эмес.
• айлык акы, стипендия;
• ишкердик ишинен түшкөн кирешелер (салык органдарынын маалымкатынын негизинде);
• жерди, үйгө караштуу участокту иштетүүдөн, мал чарбасынан түшкөн кирешелер (айыл өкмөтүнүн маалымкатынын негизинде) жана башкалар.
– пенсиянын бардык түрлөрү;
– мамлекеттик жөлөк пулдар;
– сөөк коюу үчүн жөлөк пулдар;
– кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдар;
– жумушсуздук боюнча жөлөк пулдар жана башкалар.
"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулунун өлчөмү 810 сомду түзөт.
Эгерде үй-бүлө райондук коэффициенттер белгиленген бийик тоолуу, алыскы же жетүүгө кыйын жерде жашай турган болсо, анда жөлөк пул коэффициенттерди эске алуу менен төлөнөт.
• паспорт;
• балдардын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк;
• үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси тууралуу маалымат;
• банктык маалым даректер.
• жердин өлчөмүн жана түшүмдүүлүгүн көрсөтүү менен жердин барлыгы тууралуу маалым кат;
• мал-чарбасынын түрү жана саны тууралуу маалым кат;
• статусту же кирешени тастыктоо зарылдыгына жараша башка документтер.
Ата-эненин бири (же камкорчу). "Үй-бүлөгө көмөк" бардык документтер берилген айдан кийинки айдын биринчи числосунан тартып бир жылдык мөөнөткө дайындалат, бала 16 жашка чыкканга чейин гана!
"Үй-бүлөгө көмөк" банк аркылуу, ал эми банк жок болгон калк отурукташкан пункттарда – почта бөлүмдөрү аркылуу төлөнөт.
Маалым болгондой, 2020-жылдын 1-сентябрына карата мамлекеттик жөлөкпулду алуучулардын жалпы саны 508 миң 200 адамды түзгөн.




1 |