super.kg logo

Искендер Матраимов кыргызстандыктарга билдирүү таратты

 

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты жана «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Искендер Матраимов социалдык тармакта тараган такталбаган маалымат тууралуу кыргыз элине билдирүү таратты.

Урматтуу элим, урматтуу шайлоочулар!

Үгүт өнөктүгү маалында белгисиз топтор интернет айдыңы аркылуу мага жана мен мүчө болгон “Мекеним Кыргызстан” партиясына карата ыплас технологияларды колдонуп, айтпаган сөздү айтты деген карандай калптарды таратуу менен “кара пиар” жасоодо. Маселен, акыркы күндөрдө интернеттеги социалдык тармактарда менин атымды жана сүрөтүмдү коюп, “Искендер Матраимов «саясат.kg» сайтына «Карантинде ун таратып, элди ачкачылыктан сактап калдык, болбосо кедейлер кырылып калмак” деп айтты деген сөздү таратышууда. Бул карандай калп жана жалган жалаа. Мен аты аталган сайтка жана башка бир да маалымат каражатына же кайсы бир журналистке минтип айткан эмесмин. Коронавирус пандемиясы күчөп, элибиз кыйналып турган учурда кол сунуп, ар тараптуу жардам бергенибиз чын. Бирок биз аны эч качан колко, милдет кылган эмеспиз. Ал оюбузга да келген эмес. Жардамды чын дилибизден бергенбиз жана ага эл күбө.

Азыр эми айрым ниети түз эмес топтор биздин ошол аракетибизди бурмалап, ушинтип манипуляция жасоодо. Андыктан айтпаганды айтты дедирген мындай жалган маалыматтарга ишенбеңиздер.

Биз, "Мекеним Кыргызстан" партиясы парламенттик шайлоого аттанган күндөн тарта атаандаштарыбызды, бардык саясий күчтөрдү бири-бирин жок жерден жаманатты кылган мындай “кара пиарлардан” алыс болуп, таза күрөш жүргүзүүгө чакырып келебиз жана мындан ары да чакыра беребиз.

Сиздерди урматтоо менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты жана Жогорку Кеңештин VII чакырылышын шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясынан талапкер Искендер Матраимов.

“Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: