super.kg logo

1-октябрга чейин «О!Деньги» капчыгынын идентификациясынан өтүүгө жетишип калыңыз. Электрондук капчыктын идентификациясынан бүгүн өтүү эмне үчүн маанилүү?

 

Кыргызстанда быйылкы жылдын 1-октябрынан тартып электрондук капчыктардын бардык колдонуучулары идентификациядан өтүүлөрү зарыл. КРнын Улуттук банкынын Токтомуна ылайык, белгиленген күндөн баштап идентификацияланбаган капчыктарды колдонуу мүмкүн болбой калат.

«О!Деньги» капчыгынын колдонуучуларынын ыңгайлуулугу үчүн идентификациядан тиркемеден түз эле онлайн-форматта өтүү мүмкүнчүлүгү ишке ашырылган. Бул ыңгайлуу жана тез гана эмес, пайдалуу дагы. Анткени онлайн-идентификация үчүн абонентке белек катары 10 ГБ интернет-трафик эсептелинет!Акция тууралуу кененирээк.

«О!Деньги» капчыгынын идентификацияланган колдонуучусунун артыкчылыктары

  • Көбөйтүлгөн лимиттер, каражаттарды көбүрөөк сактоо жана коротуу мүмкүнчүлүгү.
  • Онлайн-оюндарды жана соцтармактарды кошуу менен бардык кызматтарга кирүү.
  • Каражаттарды «О!Деньги», Qiwi, «Элсом» жана башка капчыктарга которуу мүмкүнчүлүгү.
  • Казакстан менен Тажикстандын банктарынын карталарын толуктоо мүмкүнчүлүгү.
  • Тиркемедеги мамлекеттик кызматтарга толук кирүү мүмкүнчүлүгү: транспорттук каражаттар үчүн салыктын суммасы тууралуу, жарандардын даректик каттоо боюнча жана паспорттук маалыматтары, бюджетке төлөмдөр жана көптөгөн башка нерселер.

«О!Деньги» капчыгынын идентификациясынан кантип өтүү керек

  1. «Мой О!» тиркемесин жаңылаңыз жана ачыңыз.
  2. «О!Деньги» бөлүмүн тандаңыз.
  3. Идентификация бар вкладканы ачыңыз.
  4. Онлайн-өтүнмөнү толтуруңуз.
  5. SMS-код менен өтүнмөнү тастыктаңыз.

Өтүнмө бир иш күнүнүн ичинде иштелип чыгат.

«Мой О!» тиркемесин Google Play же App Storeплатформасынан орнотуп алыңыз да, «О!Деньги» капчыгы аркылуу коммуналдык кызматтарды, интернет, мобилдик байланышты, айып пулдарды, салыктарды, дүкөндөрдөгү сатып алууларды, кафелердеги эсептерди жана 700дөн ашуун пайдалуу сервистерди төлөңүз.

10 ГБ интернет Акциянын алкагында “О!Деньги” капчыгынын онлайн-идентификациясы үчүн 2020-жылдын 23-апрелинен 30-сентябрына чейин жүрөт. Акцияга катышуу «Переходи на О!», «Сенин Супернөлүң» жана «Сенин нөлүң» тарифтик пландарынын абоненттери үчүн жеткиликтүү. МТжБМК караштуу МБА лицензиялары: №16-0062-КР, №16-0063-КР.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: