super.kg logo

"Ош базарынын" аймагында эки кабаттуу милиция бөлүмү ачылды

 

Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагындагы "Ош базарына" эки кабаттуу милиция бөлүмү ачылды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин, Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин жетекчилигинин демилгеси менен жана "Ош базарынын" чарбалык субъектилеринин директорлорунун колдоосу менен аталган милиция бөлүмү коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн ачылды.

Милиция бөлүмүнүн ачылышына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Эрлан Атантаев, Ленин РИИБинин башчысы Жеңишбек Абитов, Ленин районунун акиминин орун басары жана "Ош базар" ЖЧКсынын директору катышты.

Өз кезегинде Эрлан Атантаев бардык милиция кызматкерлерин жана жарандарды жаңы имарат менен куттуктап, Бишкек ШИИББинин атынан жаңы компьютер белек кылды.

Ленин РИИБинин башчысы Жеңишбек Абитов белгилегендей, жаңы ачылган бөлүмдө иштөө үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. Бул милиция кызматкерлери жумушун жакшы аткарууга кошумча түрткү болорун баса белгиледи.

Жаңы ачылган милиция бөлүмүндө 10 кызматкер иштеп, "Ош базарынын" аймагындагы тартипти көзөмөлгө алышат.






"Ош базарынын" аймагында эки кабаттуу милиция бөлүмү ачылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.09.2020. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эки кантейнер койдук десеңер туура болот
19.09.2020. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оппоо эми. Ачылганыго жакшы дечи. Бирок самапалдай корунуп турат, кышындасы жылуу, жайындасы салкын болот бекен деймда. Шордуу жаш милиция балдар иштешатта бул жерде, депутаттар эмес. Депутаттар бир креслосун канча миллионго алышатко.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: