super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө акыркы бир сутка ичинде 335 миңден ашуун адамдан коронавирус аныкталды

 

Бүгүн, 19-сентябрга карата дүйнөдөгү статистикага ылайык, коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 30 миллион 395 миң 579 болду (+335 миң 683). Анын ичинен 20 миллион 680 миң 746 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 950 миң 434 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 6 миллион 723 миң 305 адамдан коронавирус аныкталды. 198 миң 509 адам каза болсо, 2 миллион 556 миң 465 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 5 миллион 495 миң 173 адамдан аныкталды. 84 миң 372 адам каза болсо, 4 миллион 112 миң 501 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 4 миллион 495 миң 183 адам вируска кабылган. 135 миң 793 бейтап көз жумса, 3 миллион 897 миң 539 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: