Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегиянын жаңы долбоору жактырылды
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы күрөшүү стратегиясынын жаңы долбоору каралды. Маалыматты президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда укук коргоо органдарынын республикадагы коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү иштеринин жүрүшү тууралуу маалыматтары угулганы маалымдалат.
"Жыйынтыгында 2021-2024-жылдарга карата өлкөнүн коррупцияга каршы күрөшүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегиянын жаңы долбоорун жактыруу чечими кабыл алынды. Эми бул долбоорду өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков тиешелүү жарлык менен бекитиши керек", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
-1

