super.kg logo

"Унааны 7 жылга чейин сатууга болбойт экен". Балбак Түлөбаев Ысык-Көлдүн мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жол тандабас унаасын медициналык кызматкерлерге бергенин айтты

 
Ысык-Көл облустук санитардык-эпидемиологиялык кызматына Тайота Прадо үлгүсүндөгү жол тандабас берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирген.

Жаңылык чыгары менен колдонуучулар унаанын мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө тиешелүү экенин жазып чыгышкан.

Айрымдары бул унаанын чыгымы көп болгондуктан сатып, ордуна башкасын алуу тууралуу сунушун айтышкан. Буга карата Балбак Түлөбаев: "Сатканга мыйзам жол бербейт", - деп жооп берген.

Эске салсак, мындан бир нече ай мурун социалдык тармактарда Ысык-Көлдүн мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана анын орун басары пандемия учурунда кымбат баалуу жол тандабас сатып алганы боюнча маалымат тараган. Бул боюнча обустук администрациядан унаалар туризмди жана айыл чарбасын өнүктүрүү долбоорунун алкагында сатып алынганын айтышкан.

Буга байланыштуу Балбак Түлөбаевдин өзү менен байланышып, "Унааларды медициналык кызматкерлерге өткөрүп берүү чечимин өзүңүз кабыл алдыңызбы?" деген суроо узаттык.
"Ооба бул менен чечимим менен кабыл алынды. Негизи унааны сатып, анын ордуна Каракол шаарына "Тез жардам" кызматынын унаасын алып берели деп жаткам. Бирок өкмөттө берилген унааны 7 жылга чейин сатууга тыюу салган мыйзам бар экен. Ошонун негизинде бул унааны санитардык-эпидемиологиялык кызматына берип жатабыз. Себеби алар аймактарга көп чыгат. Санэпид кызматындагылар жумушуна байланыштуу тоо-ташта көп жүргөндүктөн, мурдагы унаасынын эскилиги жетиптир. Бул боюнча өзүм көзөмөл жүргүзүп турам, - дейт Балбак Түлөбаев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: