super.kg logo

Орусия Кыргыз өлкөсү менен болгон авиакаттамды 21-сентябрдан тарта жандандырат

 

Орусия Кыргыз өлкөсү менен болгон авиакаттамдарын 21-сентябрдан тарта жандандырат. Бул тууралуу орус басылмалары өлкөнүн инфекция менен күрөшүү боюнча ыкчам штабына таянуу менен жазып чыгышты.

"Орусия 21-сентябрдан тарта Беларусь, Казакстан, Кыргыз өлкөсү менен болгон авиакаттамдарын жандандырат", - деп жазылган орус басылмаларында.

Ал эми 27-сентябрдан баштап Түштүк Кореяга болгон авиакаттамдар иштеп баштайт. Аталган өлкөлөргө болгон каттамдар аптасына бир жолу эки тараптын өз ара сүйлөшүүсү аркылуу ишке ашат. Ыкчам штабдан авиакаттамдар аталган өлкөлөрдүн борбору болгон Минск, Астана, Бишкек жана Сеул шаарлары менен калыптанып жатканын белгилешкен", - деп жазылат маалыматта.

Маалыматты тактоо үчүн Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигине байланышып төмөндөгүдөй жооп алдык.

"Учурда биз бул боюнча Тышкы иштер министрлиги менен сүйлөшүп жатабыз. Бирок эки өлкөнүн ортосундагы авиакаттам ачылды деген расмий маалымат келе элек. Орусиянын элчилиги берген маалыматына караганда, Орусия менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосунда авиа билдирүүлөр жарым-жартылай жанданганы айтылат. Билеттерди алуу боюнча "Аэрофлот" жана "Авиа Траффик" авиакомпанияларына кайрылуу керектиги ошол эле Орусия элчилигинин сайтында жазылган"





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(3)
19.09.2020. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошондо билеттин баасы канча экен туугандар
19.09.2020. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
nemo2016, Авиакомпанияларлын сайтына официалдуу сайтына кирип карагыла да.
20.09.2020. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элчиликте да тупойлор
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: