"76 жумушчу иштеп жатат". Нарын шаарындагы жаңы оорукананын курулуш иштеринин даярдыгы 44 пайызды түзөт



Нарын облусунун Нарын шаарында курулуп жаткан жаңы жугуштуу оорулар ооруканасынын даярдыгы учурда 44 пайызды түзөт. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
"Бүгүнкү күндө объект боюнча 100 пайызга фундаменттин чуңкурларын казуу жана шагыл-кум аралаш топурак менен түздөп, таптоо жумуштары, гидроизоляциялоо иштери менен от жагуучу бөлмөнүн темир-бетон жабууларын орнотуусу бүткөрүлгөн. Учурда фермаларды жана имараттын темир тирөөчтөрүн орнотуу иштери, пеноблок менен дубалдарды тургузуу жана полду бетондоо жумуштары аткарылууда", - деп жазылган билдирүүдө.
Бардыгы болуп 76 жумушчу жана 7 керектүү атайын техника тартылган.
Белгилей кетсек, 2 миң 19 метр квадрат жалпы аянты бар 70 орунга эсептелген оорукананын курулушуна "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" тарабынан 36 миллион сом бөлүнгөн.
