super.kg logo
  Саясат  

"Өзүмө көп учурда сын менен караган адаммын. Кылган иштеримди айткым да, мактангым да келбейт". Өлкө башчы "Биринчи радиого" кезектеги маегин берди

 
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда Коомдук телерадиокорпорациянын «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин берди.

Маек учурунда өлкө башчыга төмөндөгүдөй суроо узатылды.

Партиялар дагы эч аянбай, болгон-толгон убадасын берүүдө. Бул убадалар канчалык реалдуу деп ойлойсуз? Шайлоочу башы айланбай, кайсынысы чын, кайсынысы куру убада экенин кантип ажыратат? Сиздин атыңызга, ишиңизге да сын айткандар чекесинен чыгып жатат, бирок сиз жооп берген учурлар боло элек.

"Азыр үгүт иштери күчтүү саясий атаандаштыкта жүрүп жатат. Аны мен көрүп жатам. Эл менен жолуккандарын, сүйлөгөндөрүн, теледебаттарды көрүп жатам. Абдан күчтүү атаандаштык жүрүп жатат. Муну көрүп, мен да кубанып жатам. Бул нерсе биздин коомду тазалайт.

Азыркы талапкерлерге, партияларга деле үгүт ишин жүргүзүү жеңил эмес. Анткени биздин коом — ачык коом. Шайлоочуну эч нерсе менен таң калтыра албайсың. Баары ачык. Маалымат булагы ачык. Эч нерсе жашыруун эмес. Ушундай шартта шайлоочунун көңүлүн алуу, бурдуруу оңой иш эмес. Аларды мен түшүнүп турам.

Биздин элдин саясаттан толук маалыматы бар. Мен айтат элем, биздин эл чыныгы такшалган шайлоочу. Мына ушунун баары жыйынтыгын берет деп ишенем.

Мындай кырдаалда президентти сындоодон өткөн жеңил популизм жок да. Мени жамандагандар президентти жамандап, добуш алабыз деп үмүттөнүп жатышат. Бул дагы ыкмалардын бири, көп эле мамлекеттерде ушуну колдонот. Бизде дагы болуп жатат. Мен аны көрүп, карап, баарын туура түшүнүп жатам.

Өзүмө көп учурда сын менен караган адаммын. Кылган иштеримди айткым да, мактангым да келбейт.

Бирок Кудай алдында, өзүмдүн абийиримдин алдында, эл алдында тазамын деп ишенимдүү, эч жалтактабай айта алам. Президент болуп, буюрса, мына 3 жыл иштеп жатам. Кудайга шүгүр, ыплас иштерге аралашкан жокмун. Аралашты деп эч ким да айта албайт. Ар кандай айтышы мүмкүн, бирок эч ким жалаа жаба албайт", - деп жооп берди өлкө башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: