Шайлоо-2020: Бүгүн жарандардын өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен тактап алышынын акыркы күнү
Бүгүн, 19-сентябрь жарандар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен тактап алышынын акыркы күнү. Бул тууралуу маалыматты БШКдан билдиришти.
Ага ылайык, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 19-сентябрында жарандардын шайлоочулардын тизмесинен өзүлөрүн тактоо же шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча арыздарын берүү мөөнөтү аяктай тургандыгын билдирет.
"Буга байланыштуу жарандардын конституциялык укуктарынын аткарылышын камсыз кылуу үчүн участкалык шайлоо комиссияларынын иш убактысы узартылды.
Кыргыз өлкөсүнүн аймагында иштеп жаткан участкалык шайлоо комиссиялары жарандарды саат 20:00гө чейин кабыл алышат. Ал эми өлкөдөн тышкары жерлерде иштеген участкалык шайлоо комиссиялары саат 21:00гө чейин кабыл алышат", - деп жазылат маалыматта.
Маалым болгондой, өзүн тизмеден тактоо же шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча арыздар добуш берүүгө 15 календардык күн калганга чейин берилиши керек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:07
2021-01-18
1:41
2020-11-15
18:03
2020-10-31
9:23
2020-10-26
12:55
2020-10-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.