super.kg logo
  Спорт  

"11-номер Марко Асенсиодо". Атактуу футболчу Гарет Бейл "Тоттенхэм" клубуна өттү

 

Атактуу уэльстик футболчу Гарет Бейл Испаниянын "Реал Мадрид" клубунан Англиянын "Тоттенхэм" клубуна өттү. Бул тууралуу англиялык клуб расмий баракчасына жарыялады.

Маалыматка ылайык, Гарет Бейл лондондук клубга ижара иретинде өттү. Ижара мөөнөтү бир сезон (дагы узартылышы мүмкүн).

Бейл "Реал Мадрид" клубуна "Тоттенхэмден" 2013-жылы жайында өткөн. Трансфердин суммасы 101 миллион еврону түзгөн. Өткөн сезондо 31 жаштагы уэльстик чабуулчу Испания чемпиондугунда 16 оюнга катышып (12си негизги курамда), 2 гол киргизип, 2 жолу голдук пас чыгарып берген.

Гарет Бейл "Реал Мадрид" клубу менен жети жылда төрт жолу Чемпиондор Лигасын жеңип алган. Анын 2 финалында Бейл жеңиштик голду киргизген (2014-жылы жана 2018-жылы "Атлетико" менен "Ливерпулдун" дарбазасына).

Бул трансферден кийин "Реал Мадрид" клубунун оюнчусу Марко Асенсио клубдагы 11-номерди алгандыгын социалдык тармактагы баракчасына жазды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
20.09.2020. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы болуптур
20.09.2020. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тоттенхэм эми мындан да кучтуу болот турбайбы.
20.09.2020. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Роналдуну кетипдинер Эми минтип Бейлди Бенземага кыйын болот!Быйыл чемпион Атлетико Мадрид болушу мумкун!
20.09.2020. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ранолдо кеткенден кийин реал 1 жолу эле примераны утуптур.лига чемпиондо 1/4 тон ото алышпай кыйналдыгоо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: