super.kg logo

АКШ өз жарандары үчүн коронавируска каршы вакцинанын 100 миллион дозасын даярдап жатат

 
АКШда 2021-жылдын январь айында коронавируска каршы вакцинанын 100 миллион дозасын штаттар арасында бөлүштүрүү башталат.

Ал эми апрель айында ар бир америкалык жаран эмдөөдөн өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мындай маалыматты АКШнын президентинин кеңешчиси Скотт Атласка таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Вакцина эң кеч дегенде 2021-жылдын январь айында даяр болот. Скотт Атластын айтуусу боюнча, ар бир америкалык жарандын аны алууга мүмкүнчүлүгү болот. Ошол эле маалда эмдөөдөн баш тартуу укугу да берилет. Аталган вакцина эффективдүү жана коопсуз экенин анын үстүндө иштеген окумуштуулар айтып келишет", - деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой, 20-сентябрга карата АКШда коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 6 миллион 967 миң 403 адамге жеткен. Коронавирусту жуктуруп алган жана андан каза тапкандар боюнча статистикада учурда АКШ алдыңкы орунда турат.

Азыркы тапта дүйнө жүзүндө COVID-19га каршы бир гана вакцина катталган. Ал орустардын "Спутник V" деген аталыштагы препараты экени маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: