super.kg logo

Коронавирус жуктуруп, кийин айыккан эненин сүтү бала үчүн зыяндуубу? Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору жооп берди

 
Коронавирус жуктуруп, кайра андан айыккан эненин сүтү аркылуу баласына вирустун антителалары өтөт. Мындай маалыматты орус басылмалары Орусиянын эпидемиология, микробиология жана жугуштуу оорулар илимий изилдөө институтунун окумуштууларына таянуу менен жазып чыгышты.

Анда эмизүү мезгили бүткөндөн кийин антителалар күчүн жоготуп, балага инфекция өтүп кетиши мүмкүн экендиги жазылган.

Бул боюнча SUPER.KG порталы Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаевдин пикирин укту.

- Саламатсызбы, Камчыбек Аскарбекович. Дүйнөдө коронавирус инфекциясы эненин сүтү аркылуу жукпайт деген маалыматтар айтылып келет. Бирок орус окумуштуулары жакында эле изилдөө жүргүзүп, оорудан кийин пайда болгон антителалар балага өтөрүн айтып чыгышты.

- Саламатчылык. Коронавирус жаңы илдет болгондуктан, бүгүнкү күнгө чейин ага байланыштуу тактоолор, изилдөөлөр, теориялар дагы деле уланууда. Оору пайда болгондон баштап анын жайылуусу, таралышы боюнча көптөгөн божомолдор, маалыматтар чыкты. Арасынан оорунун балага эненин сүтү аркылуу жугабы же жукпайбы деген да суроолор болгон. Буга карата Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму терс жооп берип келет, тагыраагы эненин сүтү аркылуу коронавирус жукпайт деген жыйынтык чыгарышкан. Бул нерсени дүйнөнүн булуң бурчунда жасалган көптөгөн изилдөөлөр дагы далилдеген.

Кыргыз өлкөсүнүн мисалында айта турган болсок, бизде ымыркайдын коронавирус жуктуруп алган учурлары катталган. Бирок балага оору эненин сүтү аркылуу эмес, башка жолдор менен жукканы эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында аныкталган. Ошол үчүн эгер эне COVID-19га кабылса, ал дароо обочолонууга алынышы зарыл.

Эгер эне коронавирус менен ооруп, андан айыкса, анда вируска карата иммунитет пайда болот. Бул учурда организмде антителалар иштелип чыга баштайт.

Антитела - организмде ууларга каршы жаралган атайын белок заттар.

- Ошол антителалар балага сүт аркылуу өтүшү ыктымал. Бул бала үчүн коркунуч жаратпайбы?

Жок, тескерисинче ымыркайда дагы ооруга каршы иммунитет пайда болушу мүмкүн. Ошол эле маалда толук кандуу изилдөө жүргүзүлүшү шарт. Алсак, балага кайсы антитела, кайсы иммуноглобин өттү, алар канчалык өлчөмдө өттү деген суроолорго так жооп алышыбыз зарыл. Мына ушул нерселер такталышы шарт. Негизи эненин сүтүндө оорудан сактоочу жана иммунитетти жогорулатуучу антителалар көп. Андыктан биз дайыма эненин сүтү ымыркай үчүн эң баалуу азык деп айтып келебиз. Эне баласын канчалык көп мезгил эмизсе, ошончолук күчтүү иммунитет пайда болот. Ал өз кезегинде көп ооруларга туруштук бере алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: