super.kg logo

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Европада коронавирус кайрадан күчөп жаткандыгын эскертти

 

Дүйнөгө кулачын кеңири жайган коронавирус инфекциясы Европа чөлкөмүндө кайрадан күч алууда. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа бюросунун директору Ханс Клюге билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

"Учурда апта ичинде оорулардын саны Европада биринчи жолу пандемия туу чокусуна жеткен март айындагы сандардан ашып кетти. Аймактагы акыркы аптадагы эсептөөдө 300 миң учур аныкталды. Европа өлкөлөрүнүн жарымынан көбү акыркы эки аптада инфекциялардын 10 пайыздан ашык көбөйгөнүн билдиришти", - деген Клюге.

Ал белгилегендей, учурда илдет аныкталгандардын көпчүлүгү 25 жаштан 41 жашка чейинки курактагылар.

Улуу Британияда, Францияда жана Испанияда коронавирустун экинчи толкуну башталгандыгын жарыялаган. Бул өлкөлөрдө инфекциянын күн сайын рекорддук көрсөткүчү катталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.09.2020. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул оорунун жашына карап келгени кызык болуп атат. Не деген оору болду деги. Оору менен кары жашка карабай ооруйт го, а бул оору шумдук болду го жашына карап очеред менен ооруткан. Деги элибиз тынчылык, аман соо болуп, бул жаман оору айланып бизден отуп кетсинчи.
nazira... түзөттү 2020-09-20 20:42:00
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: