super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев: "Эгер Жогорку Кеңеш "Кумтөр" боюнча меморандумду жактырса, андагы ар бир пунктту карап чыгабыз"

 

Эгер Жогорку Кеңеш "Кумтөр" боюнча түзүлгөн меморандумду жактырса, өкмөт эксперттер менен андагы ар бир пунктту кайрадан карап чыгат. Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 19-сентябрда аталган маселе боюнча өткөн коомдук угууда айтты. Меморандум боюнча ар бир коюлган айыптар негиздүү болушу керектигин айтат өкмөт башчы. "Баары эле айыптаганга даяр, бирок сунуштары жок. "Кумтөр" келечек үчүн иштеши керек",- деди Сатыбалдиев. 

Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: