super.kg logo

Араванда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иштеринде мушташ чыгып, 12 адам ооруканада

 

Ош облусунун Араван районунда үгүт иштери жүрүп жаткан убакта чогулган элдин арасында мушташ чыкты. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-сентябрь күнү саат 19:15 чамасында белгисиз жаран Араван РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Араван айылында белгисиз адамдар урушуп жаткандыгын кабарлаган. Аталган факты каттоого алынып, алгачкы текшерүүдө төмөндөгүлөр аныкталган.

"20-сентябрь күнү саат 18:30 чамасында аталган айылда 100 чакты адам шайлоого карата үгүт иштерине чогулушкан. Саясий партиянын талапкери И.М.нын катышуусундагы чогулушка келгендердин арасында уруш чыккан. Натыйжада Араван райондук ооруканасына 11 жаран, Ош шаардык ооруканасына 1 жаран ар кандай жарааттары менен кайрылган. Андан сырткары 5 унаа каражаты талкаланган. Араван РИИБинде бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.

Учурда мушташка катышкан 10 жаран кармалып сурак берүүдө. Калган 12 жаран ооруканада жаткандыктан жакынкы убакта алар да суракка алынмакчы. Тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалып, келтирилген чыгымдар эсептелүүдө. Мушташ чыгарган жарандарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде катуу чара көрүлөт.

Урматтуу депутаттыкка аттанган талапкерлер! Ички иштер органдары ар кандай укук бузуулардын алдын алуу максатында шайлоочулар менен жолугушуу учурунда алдын ала коомдук тартипти көзөмөлдөө боюнча ички иштер бөлүмүнө кабарлап коюуну суранат. Бул окуяда эл менен жолугушуу өткөргөн кандидат алдын ала жолугушуу өткөрүүчү жери жана убактысы тууралуу ички иштер органдарына кабарлаган эмес", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
21.09.2020. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ошол эки партияны четтеттириш кере.
Taalaibek. түзөттү 2020-09-21 08:57:00
21.09.2020. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Туура четтетиш керек илгерки байманаптар
21.09.2020. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Четтетиш керек башка елдик партия болгондо четтетип койсо керек еле...
21.09.2020. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мекенчил же Бутун кыргызстан болгондо четтеткенге аракет кылмак.
21.09.2020. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биримдик партиясы студенттерди шайлайсынар ачык дейт го
21.09.2020. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайсыл партиялар экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: