Бүгүн, 20-сентябрда Бишкектин жана Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт
Бүгүн, 20-сентябрда саат 9:00дөн 17:00гө
чейин Бишкектеги Ахунбаев, Ботанический,
Бейшеналиева, Рыскулов көчөлөрүндө, Тимирязев
көчөсүндөгү № 65,67-көп кабаттуу үйлөрдө электр
жарыгы өчүрүлөт. Ошондой эле Кара-Балта шаарындагы Космический, Свердлов, Спортивный
көчөлөрүндө, Сокулук районунун Күн-Туу, Кара-Сакал, Ысмайыл, Жыламыш, Белек, Романовка
айылдарында электр жарыгын берүү чектелет. “Түндүк электр” ишканасы
билдиргендей, бул өчүрүүлөр тиешелүү көмөк чордондорду оңдоо иштерине байланыштуу
болот.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

