super.kg logo

"Биримдик": "Аравандагы окуяга күнөөлүүлѳр мыйзам чегинде жазаланышы керек"

 

"Аравандагы окуяга күнөөлүүлѳр мыйзам чегинде жазаланышы керек". Бул тууралуу "Биримдик" демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын маалымат катчысы Адилет Султаналиев билдирди.

Партиянын расмий ѳкүлү тараткан билдирүүдѳ: "Коомдо тынчтык менен ынтымактан кымбат эч нерсе жок, чагымчылдык жасаган күнѳѳлүүлѳр мыйзам чегинде жазаланышы керек", - деп айтылат.

Окуяга себепчи болгондорду айыптаган "Биримдик" партиясы чагымчылдарды тез арада аныктоо зарылдыгын белгилеген.

"Ош облусунун Араван районундагы саясий партиялардын биринин ѳкүлдѳрүнүн үгүт жолугушуусунда тургундардын ортосунда мушташ чыккан. Бул окуяга байланыштуу укук коргоо органдары тез арада иликтѳѳ жүргүзүп, чагымчылдарды аныктайт деп үмүттѳнѳбүз".

Андан ары билдирүүдѳ: "Биримдик" саясий партиясы мыйзамдуулуктун жана тартиптин шарттарында өтүшү керек болгон таза жана акыйкат шайлоону жактайт. Республикада үгүт иш-чаралары бардык катышуучулардын коопсуздук талаптарын так сактоо менен уюштурулуп, партиялардын өкүлдөрү тарабынан эч кандай чагымчыл деструктивдүү билдирүүлөргө жол берилбеши керек. Бул өтө маанилүү. Провокацияга күнөөлүүлөр мыйзам чегинде тиешелүү жазаларын алышы керек", - деп айтылган.

"Биримдик" (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 21-сентябрь, 2020-жыл.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: