super.kg logo

"Биримдик" №1. Талапкер Эмилбек Жусупов: "Мекендештеримдин мекенине кайтып келүүсү үчүн кызмат кылам"

 

"Биримдик" демократиялык социализм – евразиялык тандоо» саясий партиясынын талапкерлери - Махабат Мавлянова, Эмилбек Жусупов жана Тариел Каримов туулуп өскөн жерине, тагыраагы Кулатов айылынын жашоочулары менен жолугушуп, депутаттыкка аттануудагы максаттары тууралуу айтып беришти.

Ѳз сѳзүндѳ жаш талапкерлердин бири Эмилбек Жусупов: “Мен Жогорку Кеңешке "Биримдик" менен бирге аттандым, себеби элимдин эртеңине кам көрүү! Мен колумдан келбей турган көп нерсени убадалабайм, бирок элим үчүн ак, так кызмат кылуу ниетим бар”, – деп билдирди.

Ал ошондой эле Жогорку Кеңешке чет ѳлкѳдѳ жашап, иштеп жүргѳн жүз миңдеген мекендештерибиз ѳздѳрүнүн туулган жерине, элине келип, ата-энелеринин, жакындарынын жанында жашап, иштешсе деген аруу максат, тилек менен аттанып жаткандыгын айтты.

Жогорку Кеңешке эл, жер үчүн кызмат кылуу ниети менен бараткан жаш талапкерди Кулатов айылынын жашоочулары колдоого алышып, жылуу сѳздѳрүн айтышты. Айылдын аксакалы ѳзүнүн батасын берди: "Ушул айылдан чыккан атактуу Тѳрѳбай Кулатов 30 жашында эл башында турган. Сен да келерки жылы 30га чыгат экенсиң. Сен дагыТѳрѳбай Кулатовдой чыгаан инсан болоруңа ишенебиз", - деп айылдын элин жаш талапкер үчүн добуш берүүгѳ чакырып ѳттү.

"Биримдик" (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 21-сентябрь, 2020-жыл. Раззаков 4.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: