Жалал-Абадда милициянын көчмө кабылдамасына акыркы 8 айда шайлоо жана коронавируска байланыштуу 75 кайрылуу түшкөн



Жалал-Абад облусунда тартип, тазалык жана алдын алуу иштери жана алдыда боло турчу шайлоого карата Жалал-Абад облустук милициясы тарабынан бир топ профилактикалык иштер жүрүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
"Базар-Коргон РИИБи тарабынан шайлоого карата коомдук коопсуздукту сактоо жана үгүт иштери үчүн илинген көрнөк-жарнактарды уурдап же жыртып кетүү фактыларын алдын алуу максатында эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Милициянын көчмө кабылдамасы унаасы менен айыл аралашып, профилактикалык иштер менен катар жарандардын арыз-даттануулары кабыл алынууда.
2020-жылдын 8 ай ичинде милициянын көчмө кабылдамасы 75 жолу район аймагына чыгып, жергиликтүү тургундардан 92 ар түрдүү кайрылууларды кабыл алган. Анын ичинен 17 кайрылуу коопсуздук боюнча, калган 75и шайлоо жана коронавируска байланыштуу болгон.
COVID-19 илдетинин жайылуусун алдын алуу максатында Аксы РИИБдин имараты санэпидкызматы тарабынан дезинфекциядан өткөрүлдү. Кызматтык кабинеттер, убактылуу кармоочу жана текшерип өткөрүү жайларында санитардык иштер жүргүзүлдү. Ошондой эле кызматтык автоунаалар дагы дезинфекцияланды. Мындан сырткары өздүк курам жугуштуу илдеттин алдын алуучу медициналык каражаттар менен камсыз кылынууда", - деп жазылат билдирүүдө.

