Поэтерапия: "Бекер эле жан кейитип сүйдүмбү, көп балээни кыл жаныма үйдүмбү?"
СЕНДЕН ТАБАМ
Калемим кайра-кара колго алам,
Кайратым жетпечүдөй ойдо калам.
Көөдөнүм ачылбаса көйгөйлөрдөн,
Бакытты, поэзиям, сенден табам.
Кээде мен кекчилдиктен кетпей калам,
Куураган отун сымал өчпөй жанам.
Ыйлатып жаным эзген жаралардын,
Дарысын, поэзиям, сенден табам.
Сумсайып сый-урматка жетпей калам,
Сыртыман билгизбөөгө күлүп алам.
Тырышып кара жаным өзүң менен,
Тың иштеп туу чокусун бирге табам.
КАЙРЫП КЕЛИП СЫЙКЫР ҮНҮҢ УККУМ КЕЛДИ !
Бүгүн дагы көл жээгине чыккым келди,
Таза абасын кайра-кайра жуткум келди.
Тээ алыстан батып жаткан күндү карап,
Таппай жүргөн сыйкыр үндү уккум келди.
Билбейм неге аны эңсейт жүрөгүм,
Күн-түн издеп кусаландым, жүдөдүм.
Кечээ күнкү жолукканым бир эстеп,
Бир көрсөм деп учкан кушка үндөдүм.
Сездиң беле сени издеп жүргөнүм?
Санаа тартып, сен деп өткөн күндөрүм.
Белек кылып Кудай берсе экен деп,
Баштап койгон бал үмүтүм үзбөдүм.
Бекер эле жан кейитип сүйдүмбү?
Көп балээни кыл жаныма үйдүмбү?
Байкабастан жалынына жакындап,
Кызыл чокко ысынам деп күйдүмбү?
Жок, мен сүйдүм жүрөгүмөн берилип,
Башкалардай кыз жандабайм зеригип.
Жеңил-желпи сезим арнап селкиге,
Күндө жаңы кыз сүйө албайм демигип.
Айым, күнүм, нур жылдызым жаркыган,
Аппак сезим коштоп сага талпынам.
Ак мөңгүдөй кир катпаган дил үчүн,
Ак шумкардай сызып учам артынан.
- "Кайрып келип сыйкыр үнүң уккум келди" деген ашыктык ыр саптары акындын сезимдеринен жаралса керек ?
СЫРТТА ЖАМГЫР
Сыртта сыйкыр үн угулат өзгөчө,
Муздайт жүрөк кезегинде көрбөсө.
Сыйпаланып сууласа да боюмду.
Тамчысынан болбосо экен болбосо.
Тамшандырып бүт айламды кетирди,
Асманымды булут каптап кеч кирди.
Төктү жамгыр тыным албай себелеп,
Ээлеп алып тоодой бийик эркимди.
Тырышууга дарманым жок берилип,
Тынчым кетип бара жатам эзилип.
Тыйбаса экен кумарынан куунаткан,
Турган кезде ыр дептерим семирип.
Ооба сыя төккүм келди жамгырда,
Суранамын сумсайыңкы калтырба.
Калем козгоп кызыгына батырып,
Акын уулун жолун тапса тагдырда.
БАГЫНДЫРАМ
Эх, өмүр дагы канча жолдор туман,
Өзгөрбөс ишеничтүү ойдо турам.
Өткөндү кайтарууга арга таппай,
Өзүңө, жалгыз сага көңүл бурам.
Өмүрдүн өйдө-төмөн жолун улап,
Ыр менен жан дүйнөгө сарай курам,
Жараны ырбатуучу кейиштердин,
Найзадай жүрөгүнө сайып тынам.
Көңүлдүн көз каранды көйгөйлөрүн,
Карап тур, ырым менен багындырам.
- Бул ырыңызда байкалгандай жаш акындын такшалуу жолундагы өжөрлүгү десек туура келеби?
кошулду




1 |