Медиа сабаттуулук боюнча мугалимдер арасында видео сынак башталды. Шарттары
Медиа сабаттуулук боюнча мугалимдер арасында видео сынак башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, "ММС элементтери камтылган видеосабак" сынагы медиа жана маалыматтык сабаттуулукту, сынчыл ой жүгүртүүнү, интернет коопсуздугун жана санариптик сабаттуулукту жогорулатуу максатында уюштурулууда.
"ММК колдоо борбору" фонду 2020-жылдын 20-сентябрынан 25-октябрына чейин өлкөдөгү бардык мектеп мугалимдеринен медиа-маалыматтык сабаттуулуктун (мындан ары – ММС) элементтери камтылган видеосабактарды кабыл алат.
"Сынактын максаты – ММС элементтерин тааныштыруу аркылуу окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү; санариптик сабаттуулукка жана интернет чөйрөсүндөгү коопсуздук боюнча окутуу, ошондой эле мектеп мугалимдеринин кесиптик жана чыгармачыл өнүгүүсүн колдоо болуп эсептелет. Мындан тышкары ал аталган сынактагы видеосабактар заманбап технологияларды колдонуу менен иштелип чыккандыгы менен өзгөчөлөнүп турушу керек", - деп кошумчалады Каныкей Кененсариева.
Сынактын деталдуу шарттары менен таанышуу үчүн шилтемеси аркылуу кирип, атайын форманы толтуруп жөнөтүү керек.
Эмгектер 2020-жылдын 20-сентябрынан 25-октябрына чейин кабыл алынат. Сынактын жыйынтыгы 5-ноябрда жыл сайын өтүүчү форумда чыгарылат.
Сынактын байге фонду:
1-орун - ноутбук;
2-орун - ноутбук;
3-орун - ноутбук.
Финалчыларды тандоо "ММКны колдоо борбору" фонду тарабынан сынактык негизде жүргүзүлөт.
Бардык кошумча суроолор үчүн төмөнкү байланыш даректерине кайрылсаңыздар болот: 0707 112 255 (Whatsapp) - Каныкей Кененсариева, 0777 230 286 - Тынчтыкбек Досмуратов же mediasabakkg@gmail.com электондук дарегине кат жазыңыздар.

