super.kg logo

Мектептер арасында мыкты медиа бурч сынагы өтөт

 

Медиа жана маалыматтык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча долбоордун алкагында мектептер арасында медиа бурчтардын сынагы өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган сынак 20-сентябрдан 25-октябрга чейин уланып, 5-ноябрга чейин жыйынтыгы чыгарылат.

“ММК колдоо борбору” фондунун долбоорлор боюнча директору Айчүрөк Усупбаеванын айтымында, “Мыкты медиа бурч» сынагына быйылкы жылы медиа жана маалыматтык сабаттуулуктун негизги темаларынан тышкары, аралыктан билим берүү жана COVID-19 пандемиясы темасы да киргизилет.

"Сынакка буга чейин иштеп келген медиа бурчтар жана жаңы медиа бурчтар катыша алат. Сынакты өткөрүүгө Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги жана Deutsche Welle академиясы колдоо көрсөтөт. Катышуу үчүн атайын форманы толтуруп жөнөтүү керек. Катталгандан кийин пост жана видео түрүндө контент түзүүнү баштоо зарыл", - деп айтылат маалыматта.

Сынактын байге фонду:

1-орун — ноутбук;

2-орун — планшет;

3-орун — планшет.

Кенен маалыматтарды https://mediasabak.org/kg/news/166 шилтемеси аркылуу кирип алса болот. Катышуу үчүн атайын форманы толтуруп жөнөтүү керек. Катталгандан кийин пост жана видео түрүндө контент түзүүнү баштоо зарыл.

Бардык кошумча суроолор үчүн төмөнкү байланыш даректерине кайрылсаңыздар болот: 0707 112 255 (Whatsapp) — Каныкей Кененсариева; 0777 230 286 — Тынчтыкбек Досмуратов же mediasabakkg@gmail.com электондук дарегине кат жазыңыздар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: