super.kg logo

Премьер-министр: "Партиялар өз жоопкерчилигин түшүнүп, санитардык талаптарды сактоосу керек"

 

Премьер-министр Кубатбек Боронов саясий партиялар өз жоопкерчилигин түшүнүп, үгүт кампаниясы мезгилинде беткап тагынуу режиминин жана башка санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылышы керектигин айтты. Бул тууралуу ал республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдиргенин президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Акыркы учурда дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны көбөйүп жатканы боюнча айтылууда. Беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо жана көптөгөн адамдардын катышуусундагы иш-чараларды өткөрбөө сындуу санитардык эрежелерди эске албоону жоопкерчиликсиздик катары караса болот", - деди өкмөт башчы.

Кубатбек Боронов жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана тармактык мамлекеттик органдарга саясий партиялардын штабдары менен биргеликте белгиленген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо зарылдыгы тууралуу кошумча иштерди жүргүзүүнү, ошондой эле 50дөн ашуун адамдын катышуусунда иш-чараларды уюштурууга чектөөлөрдүн аткарылышын көзөмөлдөөнү күчтөндүрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары кеңешменин жүрүшүндө жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү COVID-19га байланыштуу түзүлүп жаткан эпидемиологиялык кырдаал жана Кыргыз Республикасындагы эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу үчүн кабыл алынып жаткан чаралар талкууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: