Жалал-Абадда салыштырмалуу коронавирус катталуу учурлары жогору бойдон калууда



Жалал-Абад шаарында 50 адамдан көп эл чогултуп той өткөрүүгө азырынча уруксат берилбейт. Бул тууралуу бүгүн шаардын вице-мэри Нуртилек Орозбаев калаадагы 20дан ашуун кафе-ресторандын ээлери менен болгон жолугушууда билдиргенин Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.
"Бул багыттагы чектөөлөргө көпчүлүк тойкана ээлери каршылыктарын билдирип, аталган жайлардын иштөөсү менен андагы кызматкерлерге жумуш орду камсыздалып, салык төлөмдөрүн жүргүзүп жаткандыгын айтышты. Жергиликтүү бийлик жана шаардык оорулардын алдын алуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери, жарандар арасында илдеттин жугуу учурлары дагы да токтобой жаткандыгын, массалык эл чогултуп, алар бир имараттын ичинде 4-5 сааттан кармалуусу оорунун жайылуу коркунучун жогорулатарын маалымдашты", - деп билдиришти мэриядан.
2020-жылдын 11-майында өкмөттүн 244-токтому чыккан. Анда убактылуу ар бир экономикалык ишин жанданткан тараптарга өздөрүнө тиешелүү алгоритм түзүлгөн. Белгилүү болгондой, коомдук тамактануучу жайларга 50гө чейинки жарандарга кызмат көрсөтүүгө уруксат берилген. Азыркы учурда тойканаларда бул талаптар толук сакталбай жатат.
Буга чейин санитардык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан 3 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып келсе, мындан ары республикалык штабдын чечими менен Жоруктар жөнүндө мыйзамга ылайык, укук коргоо органдары тарабынан 40 миңден 60 миң сомго чейин айыпка жыгылат.
Аймактардан салыштырмалуу Жалал-Абадда оору катталуу учурлары жогору бойдон калууда.

