super.kg logo

Кочкор районунун Туз айылында жаңы мектеп курулууда

 
Кочкор районундагы Туз айылында курулуп жаткан мектеп имараты жыл аягына чейин пайдаланууга берилери күтүлүүдө.
Облус жетекчиси Эмилбек Алымкулов Кочкор районуна болгон иш сапарында Туз айылындагы фельдшердик-акушердик пункттан кабар алып, Жунушаалы кызы Сайнап атындагы орто мектептин курулуш ишин көрдү.
Фельдшердик-акушердик пунктта саламаттыктын сакчыларына пандемияда элге кылган кызматтары үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан кийин Жунушаалы кызы Сайнап атындагы орто мектепте болуп, курулуш ишинин жагдайы менен таанышты.
Аталган орто мектептин 2007-жылы жеңил конструкция менен курулган имараты балдардын ден соолугуна жагымсыздыгын көрсөткөндөн улам 2019-жылы республикалык бюджеттен 225 орундуу типтүү мектептин имараты курула баштаган.
Учурда курулуш ишинин 60 пайыздан ашыгы аяктады. Буюрса ушул жылдын декабрь айында пайдаланууга берилери күтүлүүдө. Жалпы сметалык баасы 58 миллион 831 миң сомду түзүп, мамлекет тарабынан каржыланууда. Курулушту “Бейшенбай курулуш” компаниясы жүргүзүп жатат. Мындагы негизги маселе мектептин спорт залына каражат жетпей калгандыгы болууда. Облус жетекчиси бул маселе боюнча өкмөткө сунуш берип, кошумча каражат сурай тургандыгын билдирди.
Мектеп директору Жаныш Өмүрбековдун айтымында, учурда мектепте 360 окуучу билим алат. Биринчи класска 16 окуучу кабыл алынып, кадимки режимде окутулууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: