super.kg logo

Келечектин цементтик негизи

 

Араван цемент заводу («Түштүк курулуш материалдар комбинаты» ЖЧКсы же кыскартып айтканда ТКМК ЖЧКсы) ѳз тарыхын 2008-жылдын августунан тартып жаза баштаган. Ошол жылдары анын ѳндүрүмдүүлүгү жылына 250 миң тонна цементке жетчү. 10 жылдан кийин завод жаңы ѳндүрүш тармагын куруп, ѳндүрүмдүүлүгүн жылына 1 миллион тоннага чейин жеткизди. Азыр ал – заманбап, жогорку технологиялык ѳндүрүш, чындап эле сыймыктана турган ишкана, себеби ал республикада мыкты иштеген ири ѳндүрүштѳрдүн бири.

Убагында алынган насыянын жардамы менен ѳндүрүш кеңейтилди. Жаңы ѳндүрүш тармагын ишке киргизүү долбоору кымбатка турду – 86 миллион долларга жакын каражат (жарымынан көбүн, 48 миллионун завод ѳз каражатынан бѳлүп берди). Албетте, акчаны карызга алууга туура келди. Ошондуктан инвесторлор менен сүйлѳшүүлѳр ѳткѳрүлдү.

"Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду башка банктарга салыштырмалуу (пайыздык үстѳгү тѳмѳн, долбоорду ишке киргизүүдѳ керек болгон карызды тѳлѳѳдѳ жеңилдетилген мѳѳнѳттү эсепке алуу менен кайтаруу убактысы узак) насыя берүүдѳгү ыңгайлуу шарттарды сунуштады", – дейт ишкананын жетекчиси Кубанычбек Турдубаев. Мындан тышкары документтерди тариздѳѳ, күрѳѳ жана башкалар боюнча фонду маселелерди ыкчам карап чыгат. РКӨФтѳн насыяны ѳз убагында алганыбыздан улам тез аранын ичинде (1 жарым жыл) курулуш, монтаж, ишке киргизүү иштери (Кытай менен Россиядан керектүү жабдуу жана атайын техниканы сатып алууну эсепке алуу менен) аяктап, жаңы тармак ишке киргизилди.

Долбоорду ишке ашырууга беш ѳлкѳ катышты – Кытай, Россия, Түркия, Голландия менен Кыргызстандын банктары жана ишкерлери. Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан тышкары “Синома” Тяньжинь цемент институтунун корпорациясы, «НанжинЛонг-Вэнержиконсервейшнинжиринг» компаниясы, DemirBank жана «ДемирХалк Банк» (Нидерланды).

Ишкана жетекчисинин айтымында, учурда комбинат долбоордук кубаттуулукка кирип, цементти ички рынокто ийгиликтүү сатып, экспортко да кетти (эки жакка тең даяр продукциянын 50 пайызын кетирет).

"Өлкө ичинде цемент Ош шаарына, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында сатылат (иш жүзүндө түштүк аймагынын муктаждыктары толугу менен канааттандырылган). Экспортко цемент Өзбекстанга жѳнѳтүлѳт", - дейт Турдубаев.

Завод ушуну менен токтоп калгысы жок: рыноктун сурамы жогору, токтоп калуу туура эмес болмок.

"Келечекте жылына 1,5 миллион цемент чыгаруучу жаңы түйүндү куралы деп ойлонуп жатабыз" деген болочок пландары менен бѳлүштү директор. Цементти Бишкек, Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Кѳл облустарына сата баштайбыз. РКӨФ менен иштѳѳбүздүн ийгиликтүү тажрыйбабыз болгондуктан насыя берүүдө ыңгайлуу шарттарды сунуштаган ишенимдүү ѳнѳк катары аны менен кызматташуубузду улантмакчыбыз.

Учурда ишканада 450 адам эмгектенет. Алардын бирдиктүү ишинен улам ишкана ѳнүгүп, кызматкерлердин үй-бүлѳлѳрү гана пайда кѳрбѳстѳн, жалпы эле ѳлкѳнүн экономикасы ѳнүгүүдѳ, себеби ѳндүрүш кубаттуулугу автоматтык түрдө 4 эсе жогорулашы жергиликтүү жана республикалык бюджетке түшкѳн каражатты да (кеп 400 миллион сом жѳнүндѳ жүрүп жатат) кѳбѳйтүп жатат.

ТКМК продукциясы жеке ишкерлер арасында да, ири курулуш компаниялары арасында да сурамга ээ. Себеби анын сапаты жогору, баасы да үнѳмдүү келет. Заводдо бекеринен биз менен шаарлар ѳсѳт, биз келечекти курабыз деп айтышпаса керек.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: