super.kg logo

Акыйкатчы Аравандагы мушташ боюнча: "Укук коргоо органдары жеринде өз убагында иштей алганда бул инцидентти болтурбай коюуга болмок"

 

Акыйкатчы Токон Мамытов Ош облусунун Араван районундагы үгүт иш учурунда чыккан мушташ боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун сайтына жарыяланды.

"Ички иштер, улуттук коопсуздук жана прокуратура органдары кыраакылыкты жана ыкчамдыкты көргөзүшү керек. Ал эми сот органдары объективдүү болуп, мыйзамдуу гана чечимдерди кабыл алышы шарт. Инцидентти баштагандар жана катышуучулар аныкталып, жазага тартылышы керек. Баш аламандыкты болтурбоо үчүн алдын алуу чаралары көрүлүшү зарыл. Шайлоо процессинин катышуучуларынын тиешелүүлүгү дыкат иликтенип, эгер тастыкталса Борбордук шайлоо комиссиясы дароо карашы керек.

Азыркы учурда партиялар бул окуя боюнча өз билдирүүлөрүн таратышты. “Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 26-беренесинин 1-пунктуна ылайык, “Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары талапкерлерге, саясий партияларга, чогулуштарды жана жарандар менен жолугушууларды, көпчүлүк алдындагы дебаттарды жана дискуссияларды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштурууга көмөк көрсөтүүгө, көпчүлүк катышкан иш чараларды өткөрүүнүн коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү.

Араван районунда коопсуздук камсыздалган жок. Эгер укук коргоо органдары жеринде өз убагында, ыкчам жана ийкемдүү иштей алганда бул инцидентти болтурбай коюуга болмок.

Акыйкатчы аппаратынын Ош облусу жана Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринин бир тобу окуя болгон Араван районуна иш сапарына жөнөтүлдү. Бул маселенин иликтениши Акыйкатчынын көзөмөлүндө. Ошондой эле Шайлоолорду өткөрүү боюнча республикалык штабдын жана укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө болууга тийиш", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: