Кара-Сууда Мерседес Спринтер жүк ташуучу унааны артынан сүзүп, 10 адам жаракат алды
Ош облусунун Кара-Суу районунда Мерседес Спринтер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдо бараткан DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааны артынан сүзүп алган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жол кырсыктын кесепетинен 10 адам жеңил жаракат алган. Учурда алардын аты-жөнү такталууда. Куткаруучулар келгенге чейин "Тез жардам" кызматкерлери жана жолдо бараткан унаалардын жардамында жабыркаган адамдарды ооруканага жеткизишкен.
Жабырлануучулардын абалы канааттандырарлык деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.