super.kg logo

Кыргыз өлкөсүнүн окуучулары математика боюнча эл аралык олимпиадага онлайн катышууда

 
Бишкек шаарынын “Газпром Кыргызстан” мектебинде аралыктан видео көзөмөлдөө менен онлайн режимде жогорку класстын окуучулары арасында математика боюнча дүйнөлүк олимпиада өтүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, олимпиада жыл сайын ар кайсы өлкөдө өткөрүлүп, ага 5 континенттен 100дөн ашуун өлкө катышат.
Олимпиада эл аралык математикалык олимпиадалык кеңешинин ыйгарым укуктуу өкүлү Медеубек Кунгожиндин (Алматы, Казакстан) байкоочулугунун астында өткөрүлүүдө. Кыргыз улуттук курамасынын машыктыруучу Ишматов Махамаджан.
61-эл аралык математикалык олимпиада сентябрь айында Санкт-Петербург шаарында өтмөк. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу олимпиада аралыктан өткөрүлүп, ар бир катышуучу берилген тапшырмаларды өз өлкөсүндө онлайн түрдө аткаруу шарты коюлган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: