Республикалык штаб: "Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө коронавирустук инфекцияны жугузгандардын саны жогорулап жатканы байкалууда"
Кеңешменин жүрүшүндө бир катар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө коронавирустук инфекцияны жугузгандардын саны жогорулап жаткандыгы байкалганы маалымдалган.
Республикалык ыкчам штабдын мүчөлөрү соода борборлору, супермаркеттер жана көңүл ачуучу жайлар тепловизор жана санитайзерлерди орнотуп, келгендерге беткап кийүүнү талап кылуусу керектигин билдиришти. Облус жана райондук администрациялар жетекчилерине соода түйүндөрүн жана базарларды үзгүлтүксүз дезинфекциялоо жүргүзүү тапшырылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү коронавирус аба аркылуу жугарын жана өтө жугуштуу экендигин эскертти", - деп жазылат маалыматта.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков тармактык мамлекеттик органдарга, анын ичинде Саламаттыкты сактоо министрлигине коронавируска каршы күрөшүүдөгү жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын иликтөө жана эпидемиологиялык абалды жакшыртуу чаралары боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

