super.kg logo

Гамбургерге катылган. СИЗО-1ге баңги затын алып кирүүгө аракет кылган жаран кармалды

 

Кечээ, 21-сентябрда Бишкектеги СИЗО-1дин ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам изилдөө иш-чаралары жүрүп, мекеменин аймагына баңги затын алып кирүү боюнча эки фактыны алдын алышты.
Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Окуя болжол менен саат 10:30 чамасында СИЗО-1дин тамак-аш азыктарын кабыл алуу блогунда болгон.

Шектүү катары 1992-жылы Чүй облусунда туулган З.Т. аттуу жаран соттолуучу 1986-жылы туулган А.Т.га азык-түлүк алып келген учурда кармалган. Анда болжол менен салмагы 13 граммды түзгөн полиэтилен баштыктарына оролгон, белгилүү бир кара куурай жыты бар заттар табылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

Ошол эле күнү алдын ала маалымат боюнча, СИЗО-1дин өткөрүү пунктундагы мекеменин ыкчам кызматкерлери саат 18:00 чамасында, түнкү нөөмөттүн диспетчери Р.Т.ны текшерүүгө алышкан. Андан 9 миң 500 сом акча каражаты жана салмагы 13 граммды түзгөн кара куурай табылган. Чогулган материалдар жана далил буюмдар Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине өткөрүлүп берилген.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.09.2020. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Без грамотный
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: