super.kg logo

Орусиянын Саратов облусунда өлүк каргалар "жамгырдай жаады"

 

Орусиянын Саратов облусунда жолдо өлүк каргалар жатканын жергиликтүү жашоочулар байкашкан. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Жергиликтүү тургундар мындай көрүнүштү социалдык тармактарда ар кандай версияларды - мурунку фейерверктерден баштап, жаман экологияга чейин, атүгүл жергиликтүү өзөктүк электр станциясынын ишинин кесепетинен деген божомолдорду сунушташты.

Саратов облусунун Ветеринария дирекциясынын адистери окуя болгон жерге барып, куш тумоосун лабораториялык текшерүү үчүн биоматериалдын үлгүлөрүн алышкан. Мындан сырткары экологдор дагы окуя болгон жерге келип, канаттуулардын өлүмүнүн себебин тактоо иштерин жүргүзүү үчүн керектүү
биоматериалдарды алып кетишкен.

Буга чейин облуста көмөкчү чарбалардын биринде канаттуулар арасында куш тумоосу чыккандыгы аныкталган.

Ветеринарлар изилдөө иштерин жүргүзүп, канаттуулар Ньюсакл (канаттуулардын вирустук оорусу) оорусунан, орнитоз (курч жугуштуу оору) жана жугуштуу бронхиттен өлүшү мүмкүн деген тыянакка келишкен. Бирок каргалардын массалык өлүмүнүн себептерин түшүндүрүү иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: