super.kg logo

"Бюджеттен 32 миллион 700 миң сом бөлүнгөн". Өзгөндө 200 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

 
Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Алча-Башат айылынын №86 Кысык-Алма орто мектебинин жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектептин ачылуу аземине Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев катышты.
"Кысык-Алма орто мектебинин 200 орунга ылайыкташкан жаңы имаратынын курулушу 2015-жылы башталып, республикалык бюджеттен 32 миллион 700 миң сом бөлүнгөн. Мектептин ашканасы заманбап талапка ылайык салынган. Компьютердик классы бар. Мектептин спорт залынын курулуш иштери уланууда. Учурда мектепте 197 окуучуга 18 мугалим билим жана тарбия берүүдө.
Мындан сырткары, ушул эле райондун Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу Т.Оморкулов атындагы мектебинин жаңы 150 орундуу имаратынын (спорт залы менен бирге) курулушу башталды", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: