Бишкектеги "Дасмия" кафесинде өтө турган ретро дискотека мэрия тарабынан токтотулду
Бишкек шаардык мэриясына 25-сентябрда "Дасмия" кафесинин администрациясы ретро стилдеги дискотека уюштурууну пландап жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
"Маалымат түшөрү менен мобилдик топ аталган кафенин администратору менен байланышты. Ага кафеде санитардык нормалардын сакталышы жана массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынганы тууралуу эскертүү берилди. Жыйынтыгында ретро дискотеканы өткөрбөө чечими кабыл алынды. Мэрия 25-сентябрда "Дасмия" кафесине барып, жарандык коргоо боюнча комиссиянын токтомунун аткарылышын көзөмөлдөйт", - деп жазылат маалыматта.
Мэрия эскертет! Бузуулар кодексинин 150, 293-беренелери боюнча мыйзам бузуулар бир эле тараптан эки жолу катталса, анда мыйзам боюнча иш ШИИББине өткөрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
14:9
2025-07-29

12:52
2025-07-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.