super.kg logo

Премьер-министр Орусиянын өкмөтүнүн төрагасына коронавирус күчөгөн маалда көрсөтүлгөн жардамдар үчүн ыраазычылык билдирди

 

Премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөгө жумушчу сапары менен келген Орусиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүнкү күндө Кыргыз-Орус кызматташтыгы жогорку деңгээлде турат. Орусия биздин эң негизги соода өнөктөшүбүз болуп саналат жана товар жүгүртүү көлөмү боюнча экинчи орунда турат", - деди премьер-министр.

Өкмөт башчы экономиканын айрым тармактарын өнүктүрүүдө Орусиянын тажрыйбасын колдонуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Кыргыз Республикасы үчүн коррупцияга каршы күрөшүү боюнча негизги иш-чаралардын бири – санариптештирүү, анын ичинде салык тутумун фискалдаштыруу болуп саналат. Биз учурда аталган системдерди жакшыртуу боюнча көптөгөн программаларды ишке киргизип жатабыз. Орусия тарапка ата мекендик салык администрация тутумун өркүндөтүү, товарлардын маркировкасы жана байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн түзүү үчүн акысыз техникалык жардам көрсөтүү боюнча оң чечими үчүн ыраазычылык билдирем", - деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр ошондой эле орусиялык тарапка Кыргыз Республикасындагы коронавирустук инфекциянын күчөгөн маалында ага каршы туруу боюнча гуманитардык жана практикалык көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди жана эки өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрликтери мындан ары карай саламаттыкты сактоо жаатындагы көптөгөн маселелер боюнча өз ара аракеттешүүсүнө ишеним билдирди.

Өз кезегинде Орусиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук кыргыз тарапка жылуу кабыл алуусу жана Бишкектеги өкмөттөр аралык Кыргыз-Орусия соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча комиссиясынын кеңешмесинин жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Орусия тараптын Кыргыз Республикасында салык башкаруусун жакшыртуу, товарларды маркировкалоо жана байкоо жүргүзүүнү жакшыртуу максатында техникалык көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Алексей Оверчук Кыргыз Республикасы Орусиянын ишенимдүү өнөктөшү болуп саналарын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө өз ара кызыкчылыктарга жооп берген бир катар актуалдуу маселелер талкууланды.

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов өкмөттөр аралык Кыргыз-Орус соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча комиссиясынын 22-кеңешмесинин катышуучуларына бир тууган эки өлкөнүн элинин бакубаттуулугу үчүн Кыргыз Республикасы жана Орусия аралык өнөктөштүк мамилелерин чыңдоого өбөлгө түзүүчү бардык маселелер боюнча өз ара пайдалуу чечимдерге жетишүүнү каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: