super.kg logo
  Саясат  

Араван районунун акими "Биримдик" партиясына үгүттөдү делген аудио тарады. Буга акимдин жообу

 

Жергиликтүү маалымат булактары Араван районунун акими Курбанбек Айтибаевдин аймактагы мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилерин, участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларын топтоп, «Биримдик» партиясына иштөөгө үгүттөп жатканы жазылган аудио тараганын жазып чыкты.

Маалыматта «Билим участкасынан ким бар? Сизби? Силер да жакшы иштеп бергиле эми. Жетекчи катары сиздер мектеп, бала бакча жетекчилерине тапшырма бергиле, алардын да дос, туугандары бар да. Баарыбыз реалдуу иштейли, эң башкысы жыйынтык керек, каалоо керек», - деп эркек кишинин аймактык участкалардын жетекчилерине кайрылганы угулганы тууралуу жазылат.

Мындан улам Айтибаевге кайрылганыбызда ал чогулуш тынымсыз эле өткөрүп келгенин, аудиодогу үн анын үнү эмес экенин SUPER.KG порталына айтып берди.

“Тараган аудиодо менин үнүм деп айтылып жаткан үн менин үнүм эмес. Көрүнгөн эле үндү алып келип "мына сенин үнүң!" деп айта беришсе болбойт да. Макул эгер ошол үн чын эле менин үнүм болсо, анда далилдери менен алып келип көрсөтүшсүн. Биз күндө эле чогулуш өткөрөбүз. Анда кышка даярдык, пандемиянын экинчи толкунуна даярдык тууралуу сүйлөшүүлөр болот, шайлоодон башка жумуштар толтура.

Мен тиешелүү адамдарга "макул эгер ошол үн менин үнүм экенин далилдей алсаңар, далилдегиле" деп айттым. Биз шайлоодон башка да кыла турган толгон токой жумуштарыбыз бар. Элди тынчтыкка, ынтымакка, биримдикке чакырабыз. Бул биздин адаттагыдай эле кылып келе жаткан жумушубуз. Азыр шайлооо келе жатканда ар кандай оюндар чыга берет экен. Менин үнүмө окшош толтура үн бар да, бир эле менин үнүм андай эместир”, - деди Айтибаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: