Ош шаарында мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө салым кошкондор сыйланды






Ош шаарында мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө салым кошкондор сыйланды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Кечээ, 22-сентябрь күнү Ош шаарынын мэриясында 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата сыйлоо аземи болуп өттү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов, жогорку жана орто окуу жайларынын, мектеп жана балдар бакчаларынын мугалимдери, мекеме-ишканаларынын кызматкерлери катышты.
Вице-мэр мамлекеттик тилде балдарга тарбия берип, эне тилди, туулган жерди сүйүүгө балдарды тарбиялап, мамлекеттин өнүгүп, өсүшүнө салым кошуп жаткан ар бир мугалимге ыраазычылыгын билдирип, жалпы кыргыз элин майрамы менен куттуктады.
“Кылым карыткан кыргыз тилинде сүйлөп, аны эне тил катары колдонуп келе жатканыбыз сыймык. Көз карандысыз мамлекетте өзүбүздүн тилибиз, дилибиз бар. Келечек муунга татыктуу, туура тарбия берип, тилибизге болгон урмат-сыйды жоготпой өткөрүп берели. Мамлекеттик тилде сүйлөп, иш алып барып, барктайлы жана баалайлы”, - деди Шадыханов.
Аземдин жүрүшүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, ак ниет эмгеги жана Ош шаарынын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата бир катар кыргыз тил мугалимдери жана мекеме ишканаларда мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошкон кызматкерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланышты.

